Издөө жарыяланган Германиянын жараны табылды

Кыргызстанда дайынсыз жоголгон Германиянын жараны, 1984-жылы төрөлгөн Вилли Райфшнайдер табылды. Чүй облусунун ИИББ басма сөз кызматы билдиргендей, ММКда анын дайынсыз жоголгондугу жөнүндө кабарлар басылып чыгаары менен, ал өзү туугандары менен байланышка чыккан. "Азыр анын акыбалы жакшы экендиги аныкталды", - деп басма сөз кызматы кыскача жооп берди.

Эске салсак, кече жакында Германиянын жараны, 1984-жылы төрөлгөн Вилли Райфшнайдерге издөө жарыяланган. Ал 2016-жылдан 2018-жылга чейин Бишкекте жашаган, Вилли акыркы жолу туугандары менен байланышка 2018-жылы ноябрь айында чыккан. Акыркы мезгилде ал Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында жашап жүргөн. Анын жакын туугандары, Германиянын жарандары, анын кайда жүргөнүн аныктай алышпагандыктан, дайынсыз жоголгон уулун таабууга жардам берүүнү өтүнүп ички иштер органдарына кайрылышкан.

Бул адамдын эмне себептен туугандары менен байланышка чыкпагандыгынын себеби кабарланган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД