ИИМдин дагы бир кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

2019-жылы 14-фералда КР УКМК АКК жана КР ИИМ кызматкерлери биргелешип жүргүзгөн иш-чарасынын натыйжасында, Бишкек шаарында КР ИИМ өзгөчө иштерди тергөө башкармалыгынын кызматкери, милициянын подполковниги "Ж. Н." 1 700 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Милициянын подполковнигин кармоо КР ЖК 326 беренесинин (Опузалап пара алуу) негизинде ишке ашырылган.

Азыркы учурда КР УКМК тергөө башкы башкармалыгы тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө, - деп билдирди КР УКМК басма сөз кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД