Өрттөн жапа чеккен үй бүлөгө материалдык жардам берилди

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өрттөн жапа чеккен Таштанбековдун үй бүлөсүнө 100 миң сомдук материалдык жардам берүү жөнүндөгү буйрукка кол койду.

Үстүтбүздөгү жылдын 12-февралында Бишкектеги "Келечек" жаңы конушундаТаштанбековдор жашаган үйдө өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен алардын үй оокаты толугу менен өрттөнүп, ыска ууланган 3 кичинекей бала шаардык балдар клиникалык ооруканасына жаткырылган. Ушул эле күнү балдардын абалынан кабар алуу үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова ооруканага келип кетти.

Бүгүнкү күндө балдардын акыбалы орточо абалда калууда. Оорукананын врачтары күнү-түнү менен балдарга медициналык жардамды көрсөтүшүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД