Чек арачылар тарабынан алтын буюмдарын уурдагандар кармалды

Бүгүн эртең менен КР МЧК кызматына Жалал-Абад шаарынын борбордук дүкөнүнөн белгисиз 5 адам алтын буюмдарын уурдар кеткендиги жөнүндө маалымат келип түшкөн.

КР ИИМ жана КР МЧК кызматкерлеринин ыкчам аракеттенүүсүнүн натыйжасында, "Маданият" өтмөгүнөн чек арачылар тарабынан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет жасаган уурулар кармалды. Алардын буюмдарын текшерүү учурунда уурдалган алтын буюмдар табылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, кармалган адамдар Жалал-Абад облусунун милиция кызматына өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД