Соттун жүрүшү эми видео жана аудио түрүндө жазылып алынат

Өткөн жумада Бишкек шаарынын Октябрь районундук сотунда иштин жүрүшүн аудио жана видео системасынын жардамы менен протокол жазуу көрсөтүлдү.

Соттун жүрүшүн жаздырып алуу, анын адилеттүүлүк сапатын жогорулатат деп эсептейт КР ЖС соттук Департаменттин директру Рустам Ибраимов. Анткени соттун жүрүшүн, сөздөрдү, соттун өзүнүн жана тараптардын жасаган аракетин өзгөртүү мүмкүн эмес болуп, натыйжада ишти кароодо талаш-тартыштар жокко чыгарылат.

-Азыр соттун жүрүшүнө карата, алардын айткан сөздөрүн катчы туура эмес жазып салыптыр, протоколдо айрым маселелер жазылбай калыптыр деген сыяктуу нааразылыктар көп. Эми мындай болбойт. Соттун жүрүшү менен – ал аудио жана видеого жазылып, жалпы борбордо сакталат. Андагы жазууларды өчүрүп же оңдоп салуу мүмкүн эмес. Соттун катышуучуларына протоколдун электрондук көчүрмөсүн дискке көчүрүп берүү да мүмкүн болот, - деп белгиледи Ибраимов.

Ошондой болгону менен белгилүү жазылып алынган материалды алууга катчы жана сот гана укуктуу. Системанын коопсуздугу да сакталып, жабык түрдө иштейт, республиканын баардык аймактарына бөлүштүрүлгөн, маалыматтык тармак да корголгон.

Мындан тышкары Рустам Ибраимовдун айткандарына караганда, долбоорду ишке киргизүү убакытты жана ресурсту үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

-Мисалы, соттук иштин күбөсү же соттолгон адам башка аймакта жашайт дейли. Аны соттун бир жолку жүрүшүнө Бишкекке алып келип, акча каражатын коротуп отурбаш үчүн, аралыкта туруп эле сурак жүргүзсө болот, - деп түшүндүрдү Соттук департаменттин директору.

Анын маалыматы боюнча, азыр Кыргызстанда 72 жергиликтүү сот жана алардын 159 сот залы бар. 73 сот залында аудио жана видео протокол жазуу орнотулган, бул жабдуулардын баасы 102 млн сомду түзөт. 2019-жылдын аягына чейин Соттук департамент автоматтык системаны этабы менен республиканын баардык аймагына киргизет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД