Кара-Балта таштандыларга көмүлүүдө

Кара-Балтада таштандылар толуп кетти. Бул фотосүрөт шаардын Жайыл баатыр көчөсүндө 28-февралдан 4-мартка чейинки күндөрү тартылып алынган. Эгер борбордук көчөдө таштандылар чыгарылбай жатса, башка көчөлөр жөнүндө айтып эмне кылабыз? Базарда таштандылар салуучу челектер жок, эл аны кайда таштаарын билбейт, мына ошентип таштандылар үйүлүп калууда. Жолдун чекесинде жайгашкан ашканалар дагы таштандыларды төгүшөт, анткени шаардын мэриясы ошол жерден ташып кетишет деп көрсөтмө берген. Бирок, таштандылар бир жума бою ташылбай чачылып жатат, ал жерде чирип, айланага тараган сасык жыт мурдуңду жарат. Ушул эле жолдун аркы четинде самсы, тандыр нан, тооктун этин бышырып сатышат.

Элдик жаңылыкты Кубат жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД