Кой-Ташта каза болгон баланын атасы тергөөнүн тыянагына макыл эмес

Кой-Ташта октун атылышынан каза болгон Атанух Шерматовдун атасы тергөөнүн тыянагы боюнча, анын өлүмүн суицидге байланыштырганын четке кагууда. Бул тууралуу ал өзү VB.KG редакциясына билдирди.

-Менин балам спирт ичимдиктерин ичпеген, бирөө менен чатакташпаган, жоопкерчиликтүү, динге ишенип мечитке барып жүргөн, окуусун аяктаса үйлөнөм деп жүргөн бала болчу. Ал үй бүлөдө жалгаз бала, жетиштүү турмушта жашаган, батири, машинасы бар эле, анан эмнеге өз жанын кыймак эле? Эгер жашоо менен кош айтышкысы келсе, эмне үчүн тыгылып жаткан машинасын чыгарганга аракет кылган? Дөңгөлөктүн алдында дарактын шактары жатпайбы, - деди каза болгон баланын атасы.

Ошону менен бирге эле ал тергөөнүн тыянагын толугу менен жокко чыгарган өз далилин келтирип: Оң колу рулда, сол колу пистолетте экен, ал сологой эмес болчу. Өзүн аткан адамдын колунан пистолет жерге түшүп кетмек.. Коштошуу каты же болбосо коштошуу звоногу болмок... Ошондуктан бул окуяны адилеттүү иликтеп берүүсүн суранам. Бул менин ишенген келечегим эле... Эч кимдин башына мындай окуя келбесин...", -деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Кой-Таш айылындагы талаада "Мазда-6" машинасынын салонунда болжол менен 20-25 жаштагы жигиттин денеси табылган. Тергөөнүн алдын-ала тыянагы боюнча каза болгон жигит өз жанын өзү кыйган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД