Кыргызстан жана Белорусь: Билим тармагында кызматташуу

Белоруссиялык жогорку окуу жайларынын Бишкек шаарындагы жумушчу сапары 2019-жылы 11-14-мартта өткөрүлөт.

Жумушчу сапардын максаты – билим тармагында эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу, Белорусь Республикасында жогорку билим алууга сунуш берүү, ошонун ичинен аралык формасында жана эки диплом программасы боюнча билим алуунун келечегин талкуулоо.

Мындан тышкары Бишкектин жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, окуу жайлар адистеринин мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн алдында баяндоолору пландаштырылган.

Белорусь Республикасындагы 8 ири жогорку окуу жайлары боюнча маалыматтар берилет.

-Барановичи мамлекеттик университети

-Я. Купала атындагы Гродно мамлекеттик университети

-А.А. Кулешев атындагы Могилев мамлекеттик университети

-Полоцк мамлекеттик университети

-Белорусь мамлекеттик агрардык-техникалык университети

-М. Танк атындагы Белорусь мамлекеттик педагогикалык университети

-Белорусь мамлекеттик университетинин бизнес институту

-БелТПП Витебск бөлүмү

Бул сунуш кылынган Белорусь Республикасынын жогорку окуу жайларынын артыкчылыктары - эл аралык үлгүдөгү диплом алуу, дипломдун дүйнөдөгү өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө таанылгандыгы, Европалык жогорку окуу жайлардын окуу пландары менен шайкеш келгендиги, заманбап материалдык-техникалык базасы жана студенттердин жашоосу үчүн баардык ыңгайлуу шарттардын түзүлгөндүгү.

Уюштуруучлар: КР соода-өнөр жай палатасы, БР соода-өнөр жай палатасы. Белорусь Республикасынын университеттеринде окууну каалаган жана стажировканы өткөрүүгө кызыккандардын баардыгын ачык форматтагы жолугушууга чакырабыз. "Ачык диалог" 2019-жылы 12-мартта саат 14.00. КР соода жана өнөр жай палатасында өткөрүлөт. Байланыш телефону: 61-38-74 (76).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД