Кыргызстанга 120 депутаттын эмне пайдасы бар?

Бул суроо силердин ар бириңерди ойлондурса керек деп ойлойм.

Анда келгиле, алардын эмне иш менен алектенип жана кандай пайда алып келип жатышкандыгын талкуулап көрөлү.

Чынын айтсам, Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын ичинен 15-20 гана иштейт, бул сан да көптүк кылат болсо керек.

Алардын көпчүлүгү парламентке уйкусун кандыруу үчүн, ал эми калгандары депутаттыкка катталып жана айлык акысын алганы гана келишет. Булардын биринчи бөлүгү уктап тыныккандан кийин Кыргызстанга пайдасы тийбеген мыйзамдарды кабыл алып, Ак калпакты кайсы жерде кийүү керектигин же Эркиндик сейил багында эмне үчүн иттер көп жүргөндүгүн талкуулашат. Анткени ал жактагы иттер Кожобек Рыспаевге жакпайт имиш. Тазабек Икрамовду - Эмне үчүн жолдо жүргөн убакта депуттаттарды эл тааныбай калып жатышат? - деген суроо кызыктырат экен. Аларды эл көрүп, билип, таанып жана аларга жол бошотуп берип туруш үчүн алардын ар бирине жеке машина номерин бериш керек экен. Мына ушундай сандырак сөздөрдү сүйлөш үчүн Жогорку Кеңеште толук жумуш күнүн коротуп отурушат. Кыргызстанды ушундай арсыз бай-манаптар башкарып турганы бирде күлкүнү жаратса, бирде жийиркеничти келтирет.

Эми калган депутуттардын тобуна келели.

Камчыбек Жолдошбеков маршруттук таксиге түшкөн коллегаларын көрүп калса, өзү джип машинасында баратканын байкап калышпасын деп шапкесин көзүнө түшүрүп өтүп кетет экен. Камчыбек Жолдошбаев, сиз парламентке эмне үчүн барасыз? Сиз эмне пайда алып келдиңиз?

Алмазбек Баатырбеков Кыргызстандын желегин которууну сунуш кылууда, көрсө Кыргызстандагы көйгөйлөрдүн баардыгы желегибиздин туура эместигинен болуп жаткан имиш.

Лунара Мамытова Кыргызстандагы пенсионерлер өз пенсиясын чогулутуп отуруп, чет өлкөгө эс алууга барып келсе болот деген ишеничте экен. Урматтуу Лунара, 4000 миң сом пенсияга жашап жана чет өлкөгө барып эс алып келип, ушуну менен бирге коммуналдык төлөмдөрдү жана тамак-ашка төлөп көрбөйсүзбү. Ошондо көрөт элек, кандай барып келгениңизди.

Эми ушундай сандырак сөздөрдү уланта берсек аягына чыга алгыдай эмеспиз.

Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд доллардан ашты, бул ар бир кыргызстандык 780 доллардан карыз дегенди билдирет. Ал эми силер, урматтуу эл депутаттары, ал жерге отуруп алып сандырак сөздөрдү сүйлөйсүңөр. Мындай сөздөрүм үчүн кечирим сурайм, бирок, жаның кейигенден айтат экенсиң, минтип отурсаңар силер өлкөнү сазга батырасыңар! Эгер эч пайдаңар тийбесе, силердин бизге эмне керегиңер бар? Эмне үчүн эл силер үчүн салыкты жана силер уурдап-талап алган мамлекеттин тышкы карызын төлөп, силерди багышы керек?!

Элдик жаңылыкты Дамир жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД