Таштандылар арасынан ымыркайдын денеси табылды

Чүй облусундагы Аламүдүн районунун ИИБ ара төрөлгөн ымыркайдын жансыз денесинин табылышы боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштады. Бул жөнүндө Чүй облусунун ИИББ басма-сөз кызматы билдирди.

Кече күнү, 4-мартта болжол менен саат 20:50 чамасында Аламүдүн райондук ИИБ Маевка айылынан ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарек боюнча милиция кызматкерлери барып, каналдын жанынан таштандыларга ыргытылган баштыктын ичинен болжол менен 4-5 айлык ара төрөлгөн кыздын жансыз денесин табышкан. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Бул факт кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестринде катталып сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД