Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 28-февралында КР УКМК жана КР МЧКнын кызматерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чаралары учурунда, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз түрдө өтүүүгө аракет кылган КР жараны, Ош облусунун тургуну, 1993-ж.т. "Т.Н." кармалган.

Аныкталган маалыматтарга ылайык, "Т.Н." террордук уюмдун курамында атайын террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын аймагында согуштук аракеттерге катышкан.

Уюмдун башчыларынын тапшырмасы менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине террордук иш-аракеттерди уюштуруу максатында Сириядан чыгып кеткени айтылууда. Учурда ал камакка алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД