2020-жылдагы шайлоодо мандат "талашпоо" үчүн эмне кылуу керек?

Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо план боюнча 2020-жылы өтөт. Шайлоонун өтөөрүнө бир жыл калганда азыркы эл депутаттары шайлоо мыйзамдарына бир катар түзөтүүлөрдү кабыл алуулары керек. Сооронбай Жээнбековдун пикири боюнча бул шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүүгө мүмкүндүк бермекчи.

"Саясий оюндун" айрым шарттарын өзгөртүүнү анын катышуучулары да ойлонушууда. Жогорку Кеңештин депутаттары – Исхак Масалиев менен Жанар Акаев "КР ПРезидентин жана КР Жогорку Кеңешине шайлоолор боюнча" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси менен чыгышты. Атап айтсак, алар шайлоо системасын жакшыртуу үчүн добуш берүүнү электрондук машина аркылуу жүргүзүүнү жана анын эл аралык уюмдар аркылуу каржыланышын сунушташууда.

Демилгечилер электрондук машинанын артыкчылыктарын тизмектеп келип, Бельгия, Дания, Великобритания, Ирландия, Италия өлкөлөрүнүн тажрыйбасын мисал келтиришүүдө. Изилдөө көрсөткөндөй, электрондук система киргизилген учурда:

-шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу бир канча тездейт;

-бюллетендерди саноодо ката кетирүү жок болот;

-шайлоону ачык-айкын өткөрүү принциби колдонулат;

-шайлоо комиссияларынын жумушу жеңилдейт жана чарчагандыкка байланышкан катачылыктар кетирилбейт;

-тизмени бастырып жазууга байланыштуу жазуу кагаздарына экономия болот;

Мындан тышкары бул мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоого катышуусуна ыңгайлуу болот. Электрондук машинаны колдонуу партия ичинде мандаттарды бөлүштүрүүдөгү көйгөйлөрдү жойууга да жардам берет. Депутаттар өздөрү түшүндүргөндөй, акыркы жылдары мандаттарды бөлүштүрүүдө партиянын ичинде биримдиктин ыдырашына алып келүүдө.

Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылды, аны менен Жогорку Кеңештин сайты аркылуу таанышууга болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД