Бишкекте мыйзамсыз түрдө бензин саткан үйдө өрт чыкты

Бишкек шаарынын батыш тарабындагы Алыкулов жана Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде ири өрт чыккан. Бул жөнүндө КР ӨКМ билдирди.

Учурда окуя болгон жерге 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Өрт тууралуу билдирүү саат 12:07де келип түшкөн.

Азырынча канча үй өрттөнүп жаткандыгы белгисиз. Министрликтен түшкөн маалымат боюнча өрт толугу менен өчүрүлгөн жана жабыркагандар жок.

VB.KG редакциясы алган маалыматка караганда, өрт чыккан үйдө мыйзамсыз түрдө бензин жана эски дөңгөлөктөр менен соода кылышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД