Интерполдун издөөсүндө жүргөн чет элдик экстремист кармалды

УКМКнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Свердлов районунун аймагынан Интерполдун издөөсүндө жүргөн чет элдик экстремист кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, колго түшүрүлгөн экстремист А.М. 1974-жылы Тажикстанда төрөлгөн. Ага аталган өлкөнүн Кылмыш кодексинин 401-беренеси (Куралчан аракеттерге жарандарды тартуу, башка мамлекеттердин аймагында согуштук аракеттерге катышуу жана башкаларды тартуу) жана 307-беренеси (Экстремисттик уюмдун ишине катышуу) боюнча айыптар тагылган.

Колго түшкөн киши тыйуу салынган эл аралык террордук уюмдун активдүү катышуучусу экени кабарланууда. Учурда Интерпол тарабынан издөөгө алынган А.М. Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД