Жолду оңдошкону менен, тротуары жок калтырышты

Шаарыбыздын Токмок көчөсүндө (Салиев көчөсүнүн уландысы, Ауэзов көчөсүнө чейин) оңдоо иштери башталганда, кубанганымдан ыраазылыгымды билдирип, рахматымды айтайын дегем. Жолду жакшы оңдошуп, андан автоунаалар зуулдап өтүп калганы менен, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар жасоону унутуп калышканы, биз кайра өкүнүп калдык. Эми окуучулар да, жөө жүрүүчүлөр да машинанын жолуна чыгып басып калышты, бул жолдон өтүү да коркунуч жаратчу болду. Дагы бир түшүнүксүз жагдай, бул жолдун бир тарабы шаарга, экинчи жагы

Лебединовка айылына тийиштүү болгонунда, ошондуктан эч ким тротуарды жасап бүтүргүсү да келбегендей. Ушул маселеге көңүл бөлүп, жөө жүргөн адамдар үчүн тротуарды жасап, жол белгилерин орнотуп бергиле деп суранайын дедим эле. 2018-жылы октябрь айында жазуу түрүндө акимиаттардын сайтына жазып кайрылганбыз, бирок, бул маселе ушул күнгө чейин чечилбей келүүдө.

Элдик жаңылыкты Даша жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД