"Арча-Бешик" конушунун жашоочулары "Газпромго" нааразы болушууда

"Арча-Бешик" жаңы конушундагы Чортеков көчөсүнөн кийинки жайгашкан Жайыл баатыр көчөсүнүн жашоочулары "Газпром" компаниясынын жетекчилери менен жолугушууну суранышууда, анткени, алардын кабыл алуусуна кирүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Жаңы конушка газ түтүктөрүн орнотуу учурунда кимдир-бирөөлөрдүн ишке көңүл коштугунун натыйжасында, бул көчөнүн жашоочулары долбоорго кирбей калган. Мурда "Газпром" компаниясы жаңы конуштун жашоочуларын газ менен 100% камсыз кылууга убада беришкен эле. Эми биздин эсебибизден 100 м аралыкка газ трубаларын орнотууну сунуш кылышууда.. Азыр биз кайда барып арызданууну билбей жатабыз. "Газпромдо" бизди уга турган түрлөрү жок, тескерисинче, алар квартальныйдын күнөөлүү экендигин айтышууда. Биз "Газпром" компаниясынын жетекчилигин көчөнүн тургундары менен жолугушуп кетүүсүн суранабыз.

Элдик жаңылыкты жаңы конуштун тургуну жиберген


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД