Бишкекте жашылдандыруу иштери башталды

Жаз мезгилинин башталышы менен "Бишкек жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүн жашылдандырууга киришти.

"Бишкек жашылдандыруу" ишканасы дарактарды санитардык кыйуу, бадал көчөттөрүн отургузуу жана жашыл аймактын газондук бөлүгүн калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт. Андан тышкары мурун мыйзамсыз унаа токтотуучу жай, соода-сатык дүкөн турган жерлерге да жашыл чөптөр отургузулат. Бүгүнкү күндө муниципалдык кызмат курт жеген 1800 даракка санитардык кыйып-тазалоо жүргүзүп, борбордук көчөлөрдү бойлой 7220 түп көчөттөрдү отургузган.

Үч айлык ишембиликтин алкагында "Бишкек жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери активдүү жарандар менен биргеликте 2 жуманын ичинде көчөлөргө, парктарга жана 2 бульварга бак отургузду.

25-мартта эс алуучу аймактарды калыбына келтирүү жана гүлдөрдү отургузуу иштери башталган. Жылдын аягына чейин 11 эс алуучу аймактар жана Жаш Гвардия менен Эркиндик бульварынын жашыл бөлүгү калыбына келтирилет.

Бул жылы бир жылдык 2 миллион 148 миң 403 түп гүл отургузуу пландалды. Гүлдөр шаардын райондорунда гана эмес, ишкананын балансындагы 5 паркта да отургузулат. Мурунку жылы ишкананын кызматкерлери тарабынан бир жылдык 1 миллион 150 миң 525 түп гүлдөр отургузулган.

Апрель айында сугат мезгили башталат. Ишкананын суу чарбасы тарабынан да арыктарды жана каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД