УКТнын мүчөсү жеке ишкерди коркутуп, акчасын тартып алган

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жеке ишкерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылууга шектелген жаранды кармашты.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын март айында ички иштер органдарына опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча арыз келип түшкөн. 2016-жылы эки адам өздөрүн кылмыштуулук чөйрөсүнүн абройлуу адамы катары тааныштырып, күч колдонуп, жеке ишкердин 1 400 000 сом акча каражатын ээлеп алышканы белгиленген.

Жайыл районунун ИИБдин тергөө кызматы КР Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Опузалоо) негизинде сотко чейинки иликтөөлөрдү баштаган. Кийинки иликтөөлөргө ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери киришкен.

2019-жылы 23-март күнү сотко чейинки иликтөөнүн алкагында ыкчам кызматкерлердин ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Чүй облусунун 1984-жылы туулган тургуну А.Д. шектүү катары кармалды.

Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча, 1984-жылы туулган А.Д. мурда баңгизат сатуу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосуна алынып, криминалдык чөйрөдө "Көзөмөлдөөчү" макамына ээ. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД