Путиндин Бишкектеги ЖОЖ форумунун катышуучуларына кайрылуусу

Россиянын президенти Владимир Путин Кыогызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форумунун катышуучуларына жана меймандарына кайрылуу жолдоду. "Илимди жана билимди өнүктүрүү – келечекке инвестиция" аталышындагы форум бүгүн, 27-мартта Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтүп жатат.

В.Путиндин кайрылуусун Россиянын президентинин чет өлкөлөр менен маданий байланыш жана региондор аралык башкармалыгынын башчысы Владимир Чернов окуп берди:

Кайрылуунун тексти:

"Урматтуу достор!

Кыргызстан менен Россиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи "Илимди жана билимди өнүктүрүү - келечекке инвестиция" форумунун ачылышы менен чын дилден куттуктайм.

Мындай иш-чараны өткөрүү абдан зарыл экени талашсыз. Эки өлкөнүн жогорку билим берүүчү мекемесинин ортосундагы түз диалог билим берүү жана илим тармагында эки тараптуу өнүгүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү, кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүндөгү маанилүү болгон мамилелерди түзгөн эки тараптуу гуманитардык байланышты бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Сиздер практикалык, изилдөө иши жана уюштуруу иши боюнча тажрыйба алмашып, биргелешкен долбоорлорду эки тараптуу негизде жана евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында ишке ашыруунун перспективаларын карап чыгышыңыздар керек. Биздин жалпы интеллектуалдык, маданий жана руханий мурастарды сактоону жана көбөйтүүнү бирге ойлонуу маанилүү.

Сиздердин талкуу кызыктуу жана маңыздуу болуп, Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жаңы кызматташуу ыкмасы жана формасы белгиленерине ишенем. Албетте, биздин өлкөнүн элдеринин ортосунда өз ара түшүнүүгө жана достукту бекемдөөгө себеп болот. Чын жүрөгүмдөн сиздерге ийгилик каалайм".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД