"Манас" аэропортунда кезектеги "алтын" контрабандасы кармалды

2019-жылы 14-мартта Евразия экономикалык бирлигинин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү, ташып чыгуу фактыларын табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, "Манас" эл аралык аэропортунун учуу залында текшерүү учурунда Бишкек-Алматы-Дели каттамы менен уча турган Кыргыз Республикасынын жаранынан (И. Г.) колго жасалган 2 билерик табылды. Ал баалуу металл алып бара жаткандыгы тууралуу бажыга декларация берген эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда жалпы салмагы 424, 50 грамм алтын жасалгалардын табылышы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын аймагынан баалуу металлдарды алып кетүү тартибин аныктаган мыйзамдарды бузуу белгилери боюнча катталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД