Россиялык журналист кыргызстандыктардан кечирим сурады

Кече жакында "Комсомольская правда" гезитинин журналисти Дмитрий Смирнов Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келишине карата журналисттерге түзүлгөн шарт жөнүндө: "Ал жактын шарты начар, интернеттин иштөө ылдамдыгы жай, журналисттерди тамактандыра турган жердин шарты жок", - деп сынга алган эле. Ал билдирүүсүн Телеграм каналына жайгаштырган.

Ал кийинки билдирүүсүндө: Мындай майда сын айтууга көңүл бурбай, эки өлкөнүн достугун баалайлы", - деп кайрылды.

"Кыргызстандагы ММК менин айткан сыныма катуу реакция жасаарын күткөн эмесмин. Жеке айтылган сөздөргө маани бербей эле койгон туура болот. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда баардык деңгээлде жакшы мамилелер түзүлгөн жана алар ошол боюнча калышы керек.

Мен Бишкекте расмий иш сапарга даярдык көрүп жаткан адамдарды таарынтып алууну каалаган эмесмин. Мага Бишкектин көчөлөрүндөгү видеоматериалдарды салып жиберишти, бул россиялык делегацияны жакшы маанай жана достук менен күтүп жатышкандыгы жөнүндө кабар берет. Майда нерселерге көңүл бөлбөстөн, биздин достукту жана мамилелерди баалай билели", - деп жазат Смирнов.

Бүгүн Бишкекке Россиядан РФ президенти Владимир Путин баштаган делегациянын келүүсү күтүлүүдө. Россия президентинин мамлекеттик иш сапары 27-28-март күндөрү өткөрүлмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД