Владимир Путин мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келди

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик иш сапары менен Кыргызстанга келди.

"Манас" эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Расмий жолугушуу аземи "Ала-Арча" Мамлекеттик резиденциясында болот.

Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта өтүп, андан кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөр кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде биргелешкен документтерге кол коюлат.

Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчылары сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференциясына катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине баруусу күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД