Айтматов паркын куруу боюнча долбоорго кайрадан конкурс жарыяланды

Бишкекте Айтматов паркын куруу боюнча конкурстун болбой калгандыгына байланыштуу, жюри үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинен 24-апрелине чейин кайрадан конкурс өткөрүүнү чечти. Бул жөнүндө борбордун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, конкурстун жыйынтыгын чыгарууда жюриге берилген билдирмеде паркты курууну жакшыртуу жана эстеликти орнотуу орду боюнча жакшы негизделген иш болгон эмес.

Ошондой болгону менен авторлордин бири да Чынгыз Айтматовдун жазуучу катары масштабын белгилеген жашоо образын ача турган ишти аткара алышкан эмес.

Кайрадан конкурс жарыялоо чечими жюри мүчөлөрү тарабынан бир добуштан кабыл алынды.

Конкурстун негизги максаты – паркты кайрадан куруп, шаардыктардын эс алуусу үчүн жакшы шарт түзүү жана Чынгыз Төрөкловичтин атактуулугун арттыруучу эстелигин орнотуу ордун аныктоо.

Жеңүүчүлөргө белектер Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан берилет:

1-орун үчүн - 150 000 сом;

2-орун үчүн - 100 000 сом;

3-орун үчүн - 50 000 сом.

Мыкты аткарылган иштин авторлору эстелик дипломдору менен сыйланышат.

Конкурстук долбоорлор конкурстук комиссияга 2019-жылы 24-июнда кечки саат 17.30дан кечиктирилбей берилиши керек, дареги: МП "Бишкекбашкыархитектура" Бишкек шаары, Чокморов көчөсү № 185.

Кошумча маалыматтарды төмөнкү телефондор боюнча билсеңер болот: 0312 45 68 09, 0 705 25 07 73 – Моисеева Юлия Анатольевна


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД