Мэрия "Сууканалынын" кызматкерлерине нааразы болгон шаардын жашоочусуна жоо

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы 2019-жылы 15-апрелде саат 11.00. чамасында "Курулушчулар шаарчасындагы" № 12 көп кабаттуу үйдөгү № 75 батирдин кожейкесинин "Бишкексууканалыны" дарегине жазган арызы боюнча билдирүү жасады.

Ошол эле күнү "Бишкексууканалынын" биргадасы арыз жазган кожейкенин дареги боюнча барып, батирди изилдеп чыккан. Анын жыйынтыгында жогору жакта № 78 батирде жашаган кошуна ысык суу чыгуучу кранды алмаштырган учурда, бул ишти сапатсыз жасагандыктан, түтүк аркылуу ылдый ысык суу аккан. 17-апрелде кайрадан ошол № 75 батирди изилдеп караган учурда эч кандай суунун акканы байкалган эмес, баардык жери кургак болуп жана батирдин кожейкеси "Бишкексууканалына" эч кандай доо талабым жок деп, өз колу менен түшүнүк катын жазып берген.

Эске салсак, VB.KG редакциясынын "Элдик жаңылыктар" рубрикасына мындан мурда "Курулушчулар шаарчасынын" жашоочусунан, батирдин туалетинин түтүгүнөн суу агып жаткандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД