Тарых музейи жана ат майданы боюнча тергөө иштери аяктап калды

Тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча тергөө иштери аяктап калды. Бул жөнүндөгү маалыматты башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Маалыматка караганда, Улуттук тарых музейин (мамлекетке 101 млн сом зыян келтирилген) жана Чолпон-Атадагы ат майданын (мамлекетке 145 млн сом зыян келтирилген) оңдоодо паракорчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга КР Жазык кодексинин 303-беренесинин (Коррупция) негизинде Сапар Исаковго, Мира Карыбаевага, Алмаз Абдыкаровго, Улукбек Матисаковго, Шайбек Атамбековго жана Айдарбек Мендеевге айып коюлган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД