Бакыт Төрөбаев менен Аскар Салымбеков биригүүнү чечиштиби?

"Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясындагылар, анын лидери Бакыт Төрөбаев "Эмгек" партиясы менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат деген ММК жарыяланган макалаларды төгүнгө чыгарышууда. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына эл депутатынын өкүлдөрү билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, айрым журналисттер оюна келгендерин чындыкка окшоштуруп жазып жатышат.

-Бакыт Эргешович үй бүлөсү менен бирге футбол оюнун көргөнү барып, Аскар Салымбековдун жанында отуруп калган. Мында эч кандай уятка калаарлык жорук жок, бирок, айрымдары башка бир жыйынтык чыгарып алышкан, - деп жооп беришти "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан.

Белгилей кетсек, жергиликтүү ММК маалыматтарында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин келерки парламенттик шайлоо алдында Аскар Салымбековдун "Эмгек" партиясы менен биригүү ниети бар деп жазышууда.

"Эмгек" партиясынын да башка партиялар менен биригүү тажрыйбасы бар. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ал Адахан Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен бириккен эле. Шайлоого алар "Бүтүн Кыргызстан – Эмгек" аттуу жалпы аталыш менен чыгышкан. Бирок, чынында бул эч кандай ийгилик алып келген эмес – бул бириккендер парламентке өтпөй калышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД