Жол кырсыгынан автоунаа экиге бөлүнүп, айдоочусу каза тапты

Бишкек шаарына жакын жолдо үрөйдү учурган жол кырсыгы болуп – зым карагайына урунган автоунаа экиге бөлүнүп, айдоочусу ошол жерде каза болгон. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына Чүй ОИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Авария 16-апрелге караган түнү саат 01.30. чамасында Чүй облусунун Ленин айылындагы Ат-Башы каналынын көпүрөсүнүн жанында болгон. 1985-жылы туулган айдоочу шаарды көздөй өз автоунаасы Nissan Cefiro бара жатып, рулду башкара албай жол боюндагы зым карагайына урунуп, анын кесепетинен оор жаракат алып каза болгон. Машинада башка жүргүнчүлөр болгон эмес. Болжолу автоунаа катуу ылдамдыкта жүрүп бараткан.

Окуянын жана айдоочунун каза болушунун себеби дайындалган соттук экспертизалардан кийин аныкталат.

Бул факт Жоруктар жана кылмыштар бирдиктүүреестринде катталып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД