Милиция Оштогу кыз ала качуу боюнча кабар жалган экендигин билдирди

Ош шаарынын ИИБ түштүк борборунун жашоочуларына кайрылып, жашы жете элек кыздардын жоголушу жөнүндөгү кабар боюнча дүрбөлөңгө түшпөөнү суранды. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

"Урматтуу ата-энелер!

Бүгүнкү күндө Ошто жашы жете элек өспүрүмдөргө издөө салынды деген сыяктуу жалган сөздөргө ишенбегиле. "Ватсап" аркылуу, белгисиз бирөөлөр "Фиат" автоунаасы менен күчкө салып кызды ала качып кетишти, анын атасы жардам сурап жүрөт деген кабарлардын бизге тиешеси жок. Бул окуя Жалал-Абад облусунда болуп, ал кызды эки сааттын ичинде табышкан. Ошондуктан дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок.

Биз силерден эски кабарларга жана ар кандай ушак сөздөргө ишене бербей, укук коргоо органдарынан маалыматты тактап алууну өтүнөбүз", - деп Ош ШИИБ шаардын тургундарына кайрылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД