Тендер паракорчулугу боюнча ММК жана "Инфоком" кызматкерлери кармалды

Биометрикалык паспортко бланк сатып алууга тендер өткөрүүдө мыйзам бузуулар аныкталып, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана "Инфоком" МИ жетекчилери кармалды. Тактап айтканда, УКМК убактылуу кармоочу жайына "Инфоком" МИ директору Талант Абдуллаев, ММК статс-катчысы Данияр Бакчиев жана ММК жетекчисинин орун басары Русланбек Сарыбаев жайгаштырылып, тергөө иштери башталды. Бул боюнча маалыматты VB.KG редакциясына өз булактары тастыктады.Ошондой эле өздүк булактар камалгандарды бошотуп алуу максатында, жогорку кызматтагы аткаминерлердин бири тергөө иштерине басым көрсөтүп жаткандыгы жөнүндө да билдирди.

Эске салсак, 2018-жылы октябрь айында Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жаңы муундагы жарандары үчүн биометрикалык паспортко бланк сатып алууга жарыяланган тендер өткөрүлгөндөн кийин, көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиясына Muhlbauer ID Services GmbH немис компаниясы жана - IDEMIA France SAS компаниясы арыз менен кайрылышып, тендерди өткөрүү бузуулар менен өтүп, ал эми жеңип алган Gapsu Pasauis компаниясы тарабынан мамлекетке пайда алып келбегендей шарттар сунуш кылынгандыгын билдиришкен.

-Тендердик комиссиянын негизсиз чечими менен бланк продукциясын жасоо тажрыйбасына ээ болгон дүйнөгө белгилүү компаниялар сынактан четтетилген. Бул факты боюнча материалдарды Башкы прокуратура Жазык кодексиндеги 319-берененин (Коррупция) Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД