Митинг кайсы жерде өткөрүлүүсү керек?

"Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Асия Сасыкбаева VB.KG редакциясына билдиргендей, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат берилбей тургандыгы жөнүндө сунуш берүүгө укугу жок.

Анын айткан сөздөрү боюнча, биринчиден – мыйзам боюнча мэрия демилге көтөрө албайт. Экинчиден – бул маселе Баш мыйзамда так жазылган, мэр жана мэрия аны окуп чыгуулары керек.

-Баш мыйзам боюнча биз тынчтык митингине чыгууга толук укугубуз бар, менин оюмча коомчулук буга тыйуу салууга жол бербейт, - деди ал.

Эгер буга окшогон акцияны өткөрүүгө тыйуу салына турган болсо, партия тиешелүү структураларга кайрылат.

-Тыйуу салына турган болсо, биз биринчи кезекте Башкы прокуратурага, андан кийин биздин конституциялык укугубуздун бузулгандыгы боюнча сотторго кайрылабыз, - деп кошумчалады Сасыкбаева.

VB.KG редакциясы "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго кайрылганында, ал Бишкек шаарынын мэри өз идеясынан баш тартат деп ишене тургандыгын билдирди.

-Коомчулук аны колдобойт, ошондуктан ал өзү киргизген сунушунан баш тартууга аргасыз болот, - деди эл депутаты.

Өз кезегинде Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Гуля Алмамбетова VB.KG редакциясына түшүндүрмө бергениндей, бул сунуш жеке Азиз Суракматовго гана эмес, шаардык жалпы администрацияга да тиешелүү.

-Бул мэрдин гана демилгеси эмес, биздин саясий деңгээлибизди жогорулатып жана маданияттуулугубузду көрсөтүү боюнча жалпы мэриянын сунушу болуп эсептелет. Ошону менен бирге биз юридикалык жактан эч кандай билдирүү жасаганыбыз жок. Тактап айтканда, тыйуу салуу жөнүндө сөз жок. Биз жөн гана дем алыш күндөрү элдин эс алуусуна тоскоолдук жасабагыла деп суранабыз. Биздин билдирүүдө митинг өткөрүүгө тыйуу салууну каалайбыз деген сөз жок. Мында сөз саясатчылар шаардыктардын жана шаарыбыздын меймандарынын тынч жашоосуна мүмкүндүк берүүсү жөнүндө жүрүп жатат. Митинг жөнүндө кандайдыр-бир коркунуч пайда болоору менен элдин баары үйлөрүнө карай качууда. Мындай акцияларды өткөрүү оруну аныкталып, Горький паркында берилбеди беле, мына ошол жакта чогулсаңар болот, - деп тактады Алмамбетова.

Эске салсак, "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде партиянын лидер Өмүрбек Текебаевди колдоп митингге чыгууну пландаштырууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД