Чүй облустук театрында жаңы сатиралык комедиянын бет ачары болот

2019-жылы 18-19-апрелинде Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрында улуттук драматургиянын классиги Токтоболот Абдымомуновдун чыгармасы "Машырбек үйлөнөт" жаңы сатиралык комедиясынын бет ачары болот.

Комедиянын режиссёру – Улан Өмүралиев, сүрөтчүсү – Садыр Ниязакунов, балетмейстер – Евгения Куликова, режиссёрдун ассистенти – Нуриза Амракулова, көркөм сүрөтчүсү – Өмүрбек Токтокожоев.

Спектаклдин башкы каарманы Шакыйнанын ролун - Элзат Сыдыкова, башкы каарман Машырбектин ролун – Калыбек уулу Надырбек (дублёрлор – Жолдошбек уулу Азат, Үркүнбаев Шералы) ойношот, ошондой эле Бараковдун образын Турусбек уулу Алмаз (дублёр Кыязов Нурбек), Зыйнаттын образын – Мамытова Нургүл, Марипанын образын – Басылбекова Асел ж.б. жаш таланттуу артистер жаратышат.

Театрдын директору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Орозбек Айдаровдун сөзүнө караганда, "Машырбек үйлөнөт" сектакли бул коллективдин быйылкы жылдагы көрүнүктүү эмгеги болуп эсептелет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД