Шаардагы жол кырсыгынан "Бишкек жашылдандыруу чарбасынын" кызматкери денеси

Бишкек шаарынын ИИББ басма сөз кызматы VB.KG редакциясына билдиргендей, автоунаалардын кагышуусу 15-апрелде эртең мененки саат 07.30. чамасында Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Mercedes-Benz Sprinter бусигинин айдоочусу Чүй проспекти менен чыгыштан-батыш тарапка, ал эми мотороллерди башкарган айдоочу Исанов көчөсү аркылуу түндүктөн-түштүк тарапка айдап бараткан.

Бул жол кырсыгынын натыйжасында мотороллердин айдоочусу денесинен жаракат алып, "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Азырынча анын акыбалы жөнүндө маалымат жок.

Маршруттук такси штрафтык токтотмого токтотулуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Окуяга күбө болгондордун айтуусунда – жаракат алган айдоочу "Бишкек жашылдандыруу чарбасынын" кызматкери болгон, бусик аны дөңгөлөк алдында 10 метрге чейин сүйрөтүп кеткен.

Фотосүрөттү тармакка Жылдызбек Керимбаев жарыялаган.

Кийин "Бишкек жашылдандыруу чарбасынын" МИнин басма сөз катчысы Айдай Адаралиева билдиргендей, кызматкер бусиктин дөңгөлөктөрүнүн ортосунда калып, 27 метрге чейин сүйрөлүп, денесинин бир топ жеринен жаракат алган.

Анын аты-жөнү Насырбек Бердибаев. Ал 40 жашта, төрт баласы бар. Бүгүн алардын биринин туулган күнүн белгилешмек.

Анын эртерээк сакайып кетишин каалайбыз!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД