Азиз Батукаевдин иши боюнча прокурор кармалдыбы?

Башкы көзөмөл органында ММКалар тарабынан таратылган, Батукаевдин иши боюнча 2013-жылы 9-апрелде Нарын шаардык сотунда катышкан прокуратуранын өкүлү кармалгандыгы боюнча маалыматтын чындыкка дал келбегендигин, VB.KG редакциясына КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Болжолдуу маалымат боюнча, кармалган прокурор Нарын облусунун прокуратурасында иштейт. Азырынча бул маалыматты ИИМ менен Башкы прокуратура тастыктай элек.

Ошондой болгону менен, VB.KG редакциясынын күч органдарындагы өздүк булагы прокуратуранын өкүлү ИИМ чынында эле суракка чакырылгандыгын, бирок, ал кандайдыр-бир себептер менен ачык айтылбагандыгын кабарлаган.

-Эгер ал суракка чакырылса, аны канча бир убакка чейин кармалышы мүмкүн, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД