Эркинбек Чодуев айыл чарба министри болуп дайындалды

Чодуев Эркинбек Урайымович айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээенбеков кол койду.

Кечээ парламентте Э.Чодуевдин талапкерлиги жактырылып, Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынган болчу. Тиешелүү сунуштама премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке түшкөн.

Чодуев Эркинбек Урайымович 1963-жылы 25-ноябрда Ош облусундагы Кара-Суу районунун АК-Жар айылында төрөлгөн. Билими жогорку, 1987-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүргөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД