Улуттук статкомдун маалыматы боюнча бишкектиктердин орточо айлыгы 22 миң со

Бишкек шаарынын Ленин районундагы жашоочулардын орточо айлык маянасы 22-23 миң сомду түзөт. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен алган бишкектик тургун Зулкайнаров, бул мекеме бул сумманы кандайча эсептеп чыкканын түшүнбөй тургандыгын, VB.KG редакциясына билдирди.

Анын айткан сөздөрүнө караганда, бул сумма мугалимдердин, дарыгерлердин, социалдык кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин алган айлык маянасына дал келбейт.

-Бул сумма алимент төлөп берүү маселеси көтөрүлүп, мен төлөп берүүдөн баш тартканымды карап жаткан сот кеңешмеси учурунда аныкталды. Бирок, мен азыркы убакта жумушу жок отурам, ал эми сот кандайдыр-бир себептен бул фактыга көңүлгө бурбай, чындыкка дал келбеген маалыматка таянууда. Мен бул жөнүнүдө расмий фактыларды мисал келтирип, Улуттук статистика комитетине да кат жазып жибергем. Биринчиден, Эмгек жана социалдык өнүгүү министерствосунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда айлык маянанын аздыгынан 5500 адистикке талап жок. Мындан тышкары Ишке тартуу борбору кабарлагандай, 75% жогору бош орундарда аялдар гана иштешет. Тактап айтканда эмгекке жарамдуу эркек жарандар жумуш издеп жүрүүгө мажбур болушууда. Ошондуктан борборубуздагы эң артта калган райондо бул 22 миң сомдук цифраны кайдан эсептеп чыгышканы түшүнүксүз, - деди ал.

Салыштыруу үчүн редакциянын маектешүүчүсү бир нече мисалдарды келтирди.

-Дарыгерлер 6 миңден 13,6 миңге чейин айлык маянасын алышат, 15 жылдык стажысы бар мугалим 13 миң сом, ал эми соцкызматкерлер мындан да аз алышат. Милиционерлердин алган айлыгы 15 миң сомду түзөт, анан Улуттук статистикалык комитет мындай сумманы кайдан алып эсептеп чыккандыгы мен үчүн табышмак бойдон калууда, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД