В. Путин ЕАЭСтин баардык жарандары үчүн пенсияны теңөөнү сунуш кылды

Кече жакында Нур-Султан шаарында өткөрүлгөн Евразия экономикалык союзунун Жогорку кеңешинде Россиянын президенти Владимир Путин ЕАЭС өлкөлөрүндө жашаган баардык жарандар үчүн пенсияны теңөө боюнча документ даярдалып жаткандыгын айтты.

- Союздун курамындагы баардык мамлекеттердин аймагында эмгектенүү мезгилиндеги стажын эске алуу менен пенсияны эсептөө боюнча Евразиялык комиссия тарабынан макулдашуу даярдалып жаткандыгын белгилеп кетким келет. Өмүр бою эмгектенип келген конкреттүү жаран, жөнөкөй адам үчүн бул зор мааниге ээ. Биз үчүн жана бул адам үчүн анын кайда иштегендиги маанилүү эмес. Эң башкысы бул стажды тастыктаган тиешелүү документтер болуусу зарыл, - деди Путин.

Саясат таануучу Игорь Шестаков бул билдирүү жүз миңдеген эмгек мигранттары Россияда иштеп жүргөн Кыргызстан гана үчүн эмес, бүт Союз үчүн чоң мааниге ээ болмокчу деп эсептейт.

-ЕАЭС ар дайым өндүрүүчүлөр үчүн иштеген экономикалык союз катары эсептелип келген. Россия перзиденти анын социалдык мааниси жөнүндө да айтып отурат. Союз эмгекчилердин укугу, алардын социалдык кепилдиги жөнүндө кам көрөт. Бул анын аброю үчүн абдан манилүү, - деген ишеничте Игорь Шестаков.

Ошол эле учурда ал россиялык пенсияны уруксат алып иштеп жана Соцфондго тиешелүү төлөмдөрдү төлөп турган Кыргызстандын жарандары да алышаарын белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, 2014-жылдан бери ЕАЭС өлкөлөрү союздун бүт өлкөлөрүндө алган эмгек стажы боюнча жарандарга пенсия алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндөгү макулдашуунун үстүндө ишти жүргүзүп келүүдө.

-Былтыркы жылы макулдашууну бул маселе боюнча өз көз карашын билдирген Армения токтотуп койгон эле. Россиянын президентинин бул жөнүндө айтканын, айрым маселелер боюнча макулдашууларга жетишкендик бар деп божомолдосок болчудай. Балким, бул маселе боюнча дагы жаңы пикирлер айтылышы мүмкүн, - деген оюн айтты Шестаков.

Эске салсак, ЕАЭСтин Жогорку кеңеши 29-майда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөрүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД