Бишкектин көчөлөрүндө таштарданан жасалган ташбакалар орнотулду

"Бишкекжашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери Бишкектин айрым көчөлөрүндө кичине архитектуралык формаларды орнотууну башташты, алар шаардын көчөлөрүнүн көркөмүн толуктап жана кооз көрсөтүп турмакчы.

Бишкектин айрым көчөлөрүнө габион таштарынан жасалган ташбакалар орнотулду, алардын саны 20га жеткирилип, кийин айланасына кооз гүлдөр отургузулат. Бул таш бакаларды жасоого жана орнотууга борбордун бюджетинен бир тыйын да сарпталган жок. Аларды жасоо үчүн таштарды суу боюнан шаардык кызматтардын кызматкерлери чогултушкан.

Габион – зымдан тордолуп форма жасалып, ичи таштар менен толтурулат. Мындай түрдүү түзүлүштөр шаардын көчөлөрүнө көрк берип, өзүнчө кооздукту жаратат.

Урматтуу шаардыктар! Биздин шаардын көчөлөрүндө орнотулуп жаткан мындай жаңы кооздуктарды кылдаттык менен сактап жана шаардын мүлкүн бузганга, уурдаганга аракет кылгандарды байкаарыңар менен дароо милицияга же "Бишкекжашылдандыруу" ишканасынын кызматына: 37-53-30, 0709 399977 телефондору же Бишкек шаарынын ИИБ 0708 102000 WhatsApp-каналы аркылуу кайрылгыла.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД