Жашоосу оор абалга туш келген балдардын маалымат базасы түзүлдү

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде жашоосу оор абалга туш келген балдардын электрондук базасы түзүлдү. Бул вице-премьер-министр Алтынай Сайтбековна Өмүрбекованын демилгеси менен ишке ашып отурат, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Кыргызстанда мындай базалык маалымат БУУнун (ЮНИСЕФ) Балдар фондунун техникалык колдоосу астында иштелип чыкты.

Балдарды коргоо тармагында колдонулуп жаткан чараларга карабастан, аларга карата жасалган кылмыштардын санынын, ошондой эле балдар жана жаштар тарабынан жасалган кылмыштардын санынын да өсүүсү байкалууда.

Тышкы жана ички миграция, ата-энелери жумуш издеп, расмий камкордук боюнча документтерди даярдабай балдарын туугандарына жана тааныштарына калтырып чет жактарга кетип жаткандыктан, кароосуз калган балдардын санынын көбөйүшүнө чоң роль ойноодо. Мындай учурда балдар алар тарабынан зомбулукка жана орой мамилеге көп туш болушууда.

Жашоосу оор абалга туш келген балдардын база маалыматын кошумча программалоо, мындай балдарды аныктоодо ведомстволор аралык аракеттин натыйжалуулугун арттыруу, мамалекеттик жана жергиликтүү органдар, коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлүүчү тиешелүү жардамдын өз убагында берилишин жана аларды жайгаштыруу боюнча чаралардын көрүлүшүн, алар менен алдын ала иштерди алып баруу үчүн "Түндүк" электрондук системасы менен бириктирилет.

Аймактык мамлекеттик органдарга, анын ичинен айыл өкмөтүнө, Интернет бар жерде оор абалга туш келген бала жөнүндө маалыматты кабарлап туруу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул баардык деңгээлдеги мамлекеттик башкарууда ар кандай мекемелерден алынган маалыматтарга көрсөтмө берүүдө, оор абалга туш келген балага берилүүчү жардам көрсөтүүдө тиешелүү чыгымдарды, убакытты үнөмдөйт.

Баланын жашоосундагы оор абалдын келип чыгуусунун негизинде иштелип чыккан системаны автоматташтыруу жолу, мындай абалга туш келген баланы жана анын үй бүлөсүн коргоп калуунун Жеке планын долбоорун түзөт. Маалымат базасынын мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну аяктоо менен аны Чүй облусунун эки районунда ишке киргизүү пландаштырылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД