Бишкек шаардык соту Мурат Суталиновду эркиндикке чыгарды

Бүгүн шаардык сот УКМКнын мурунку жетекчиси Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу ишти карап чыгып, аны эркиндикке чыгарды.

Жактоочулар Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну жана Мурат Суталиновду эркиндикке кое берүүнү суранышты. ЖАМКтын өкүлдөрү коргоону колдоп чыгышты. Сот Мурат Суталиновду сот залынан бошотту.

Андан бир нече мүнөт өтпөй Суталинов сот залынан чыгып, соттун чечиминен кийин кубанганынан көз жашын жашырбаган атасын кучактады. Анын жакын туугандарынын сөзү боюнча, генерал дароо эле үйүнө жөнөйт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД