Борборубуздун Репин атындагы көчөсүн оңдоо иштери улантылууда

Борборубуздун Репин атындагы көчөсүн оңдоо иштери улантылууда. Бул жөнүндө мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул жолдогу асфальттын тышка катмары алынып бүтүү. Бул жылы Гагарин жана Күйүкова көчөлөрүнүн ортосундагы жол тилкесинде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Жолдун катмары жана четиндеги бордюралар жаңыртылат. Жолго жаңы эки катмар асфальт төшөлмөкчү. Бул иштер "Бишкек шаарынын автоунаа көчөлөрүнүн асфальтын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат.

Былтыркы жылы мындай оңдоо иштери Репин атындагы көчөнүн төмөнкү тилкесинде 1,2 км аралыгында Гагарин менен Л. Толстой көчөлөрүнүн ортосунда жүргүзүлгөн. Андан тышкары Күйүкова жана Масалиев (түштүк Магистраль) көчөлөрүнүн ортосундагы жолдун жогорку бөлүгү толугу менен оңдолгон. Бул тилкедеги иштер "Бишкек шаарынын жол тармактарын өнүктүрүү" долбоорунун 1-фазасын ишке ашыруу алкагында жүргүзүлгөн.

Репин атындагы көчөсүндө оңдоо иштери аяктагандан кийин бул жол менен шаардын жогорку бөлүгү аркылуу түндүк-түштүк багыты боюнча жүрүү ыңгайлуу болуп калмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД