Куткаруучулар 4-кабаттан секирүүгө аракет кылган жаш кызды сактап калышты

ӨКМ кызматкерлери Бишкек шаарында 4-кабаттан секирип түшүүгө аракет кылган жаш кызды куткарып калышты. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн, 7-майда саат 11:05де Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №42 көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан жаш кыз секирүүгө аракет жасап жатат деген маалымат "112" кызматы аркылуу түшкөн.

-Саат 11.17де айтылган дарекке барган ӨКМ куткаруу кызматынын куткаруучулары үйдүн 5-кабатынан 4-кабатка түшүп, кыздын өмүрүн сактап калууга жетишти. Андан кийин жаш кыз "Тез жардам" кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришкен. Тышкы көрүнүшү боюнча кыздын жаракат алганы байкалбайт, - дешти ӨКМ кызматкерлери.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД