Президент театрларды кыдырып чыкты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-майда, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына барды. Бул театрлардын чыгармачылык пландары жана абалы жөнүндө президентке Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов айтып берди.

Кыргыз драма театрдын директору Асылбек Өзүбековдун маалыматына ылайык, Кыргыз улуттук академиялык драма театры 1926-жылдын 2-ноябрында негизделген. Театрдын имараты 1972-жылы пайдаланууга берилген. Акыркы жолу оңдоп-түзөө иштерине 2010-жылы 8 миллион сом бөлүнгөн. Учурда имарат оңдоп-түзөө иштерине жана материалдык-техникалык базасын жаңылатууга 76 миллион сомдон ашуун акча каражатына муктаж.

Мамлекет башчысы чыгармачыл коллективдин репетициясына да күбө болду. Асылбек Өзүбеков театрда тапкан каражаттардан жылына алты спектаклдин бет ачары тартууланып, орточо эсеп менен жаңы спектаклди чыгаруу үчүн 2 миллион сомго жакын акча каражаты жумшаларын айтып берди.

Ал эми орус драма театрынын директору Евгения Кузнецованын маалыматы боюнча, Мамлекеттик улуттук орус драма театры 1935-жылы негизделген. Акыркы жолу 2016-жылы чатырын жабуу максатында ички каражаттан 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Мындан тышкары, 2015-жылы бюджеттин эсебинен коомдук ажатканасын оңдоо ишине 1 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. 1972-жылдан бери театрдын имараты капиталдык ремонт иштеринен өтө элек, материалдык-техникалык базасы эскирди. Бүгүнкү күндө капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 114 миллион сомдон ашуун акча каражаты керектелүүдө. Театр жылына 36 спектакль коюп, алардын ичинен 6сы жаңы спектаклдердин бет ачары.

Мамлекет башчысы эки театрдын имараттарын көрүп чыгып, алардын тез арада капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн каржылоону тездетиш керектигин белгиледи. Ал начар шартта эмгектенип келген, бирок ишине берилген чыгармачыл коллективдерге ийгилик каалап, каржылоо маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтөөрүн убада кылды.

Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, тилекке каршы, мамлекет башчысынын Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын айланасында жайгашкан кафелерге карата пикири жана алар боюнча кандай тапшырма берилгени так жазылган эмес. Бирок, жогорудагы билдирүүлөргө караганда, жакынкы убактарда театрдын администрациясы бул коомдук тамак-аш жайлары менен кызматташуудан арылышы мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД