Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусуна эстелик тактасы орнотулду

2019-жылы 30-апрелде Илимдер академиясынын тажрыйбалык чарбасына караштуу "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркында УКМКнын демилгеси менен биология илимдеринин кандидаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Александр Васильевич Чубдун элесине арналган эстелик тактасын ачуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чарага УКМКнын өкүлдөрү, аталган парктын директору М.А.Дүйшеев, Кыргыз илимдер академиясынын Жалал-Абад илимий борборунун директору, биология илимдеринин доктору профессор К.С. Ашимов, Александр Васильевич Чуб менен бирге кызмат өтөгөн Ноокат районунун жашоочусу Ш.Абдуллаев жана жаратылыш паркынын кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын катышуучулары А.Чубдун кызматтык жолун жана кыргыз илимине кошкон салымы тууралуу айтышты.

Александр Чуб Украинанын Изюм шаарында төрөлүп, Кыргызстандын тажрыйба чарбасында 1956-жылдан 1996-жылга чейин эмгектенген. Ал Тянь-Шан карагайларынын түрлүү сортторун, ийне жалбырактуу дарактардын, кайыңдардын 15 түрүн жана ар түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп, жайылтуу менен алектенген. Ошондой эле ал бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келген карагайларды көбөйтүү технологиясын иштеп чыккан.

Александр Чубдун сөөгү, өзүнүн калтырган мурас кагазы боюнча, аталган парктын аймагына 1996-жылы коюлган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД