Уранды казып алууга тыйуу салуу - өлкөнү таш дооруна алып келет

Бүгүн, 7-майда, Жогорку Кеңеште "Кыргызстанда уранды казып алууга, геологиялык изилдөө, чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана аны менен байланышкан кендерди иштетүүгө лицензия берүүгө тыйуу салуу" жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча кезектеги коомдук угуулар болду. Башкача айтканда, мыйзамдын демилгечилери элдин нааразылыгына таянуу менен Кыргызстанда уранды казып алууга тыйуу салууну сунуш кылышты.

Бул мыйзамдын демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Керезбеков билдиргендей, мамлекет мындай тыйуу салууну киргизүүгө толук укугу бар.

-Бул мыйзам долбоору толугу менен Баш мыйзамга, Граждандык кодекске жана "Жер казынасы жөнүндөгү" мыйзамына дал келет. Анда эч кандай ашык түшүндүрмөсү жок эле баардыгы так жана түшүнүктүү жазылган. Биз уранды чалгындоо жана издөө үчүн берилген лицензияларды узартуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарабыз", - деп белгиледи Керезбеков.

-Эгерде мыйзамга уранды казып алуу жана чалгындоого тыюу салуунун мөөнөтүн көрсөтпөсөк, бул Кыргызстанды таш дооруна кайра алып келгендей эле болот, -деди Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер кыртышын өздөштүрүү институтунун лабораториясынын жетекчиси Кушбакали Тажибаев.

Анын айтымында, ар бир мыйзам жөнөкөй, адилеттүү жана натыйжалуу болуусу керек. Депутаттар сунуштаган уран жана торийге байланышкан ар түрдүү иштерге тыйуу салуу тууралуу мыйзам жалпысынан жакшы, бирок белгилүү бир кемчиликтери дагы бар.

-Уран менен торий -стратегиялык энергетикалык чийки зат. Белгилүү бир убактан кийин атомдук энергияны пайдалана турган экономикалык таза система иштелип чыгат. Уран менен торийдин энергиясын өздөштүрүү коопсуз болуп калат. Мындан тышкары уран менен кошо чанда кездешүүчү баалуу элементтер жатат. Мындан улам, ишти 50 жылга чейин тыйуу салуу керек деген түзөтүү киргизүүнү сунуштаймын, -деди ал.

Кыргызстанда уран боюнча ири кен аймактары жок, болгону орточо көлөмдөгү Сары-Жаз жана Кызыл-Омпол уран кен аянттары бар. Бул жөнүндө маалымат берүү катары коомдук угуу маалында Өндүрүш, энергетика жана тоо-кен казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, 8 миң тоннага жакын уран Сары-Жазда, 13 миң тоннага жакын уран Кызыл-Опмолдо бар. Бүгүнкү күндө уран кени чыгуучу жайларды издөөгө жана чалгындоого 17 лицензия берилген. Уранды гана чалгындоого 8 уруксаат берилген. Алардын үчөө Ысык-Көлдө, бешөө Чүй облусунда, бирөө Баткенде.

-Калган лицензиялар башка пайдалуу тоо-кен байлыктарын издөөгө жана чалгындоого берилген", - деди Карыбек Ибраев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД