Эл аралык террордук уюмдун дагы бир мүчөсү кармалды

2019-жылы май айынын башталышында КР УКМК кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда, эл аралык террордук уюмдун мүчөсү катары издөөдө жүргөн кыргыз жараны А.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

А.Н. аттуу жаран Сирия-Ирак куралдуу согуш аймагында диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, эл аралык террористтик уюмдардын башчысынын тапшырмасы боюнча террористтик иш-аракеттерди аткаруу максатында даярдалган жасалма документтер менен КМШ өлкөлөрүнүн бирине чыгып кеткен.

Учурда сотко чейинки иликтөө иштеринин алкагында Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине катталды. Кылмышка шектелген жаран УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД