Бишкек жана Ош шаарларынын айрым райондорунда газ өчүрүлөт

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы оңдоп-түзөө иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу айрым райондордо газ өчүрүлө тургандыгын абоненттерге эскертет.

- 8-майда Ош шаарында: Ибраимов, Айтматов, Атаев, Ленин көчөлөрүндө.

- 13-майдан 24-майга чейин Бишкек шаарында: Толстой, Алыкулов, Ахунбаев, Садыркулов көчөлөрүндө, "Кока-Кола ЖЧКсы, Шоро ЖЧКсы, Лущихин, Гагарин көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасы.

Оңдоп-түзөө иштери газ колдонуучуларынын коопсуздугун жана жабдыктардын авариясыз иштөөсүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД