Жеңиш күнүнө карата Бишкекте Сергей Крылов жана "Голубые береты" тобу ырдаш

9-майда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 74 жылдыгын майрамдоо алкагында "Ак каркыралар" согуш жылдарындагы ырлары конкурсунун катышуучуларынын концерти болот.

Улуу майрамдын алдында бул фестивалдын катышуучуларынын концерттери алты жылдан бери Кыргызстанда жайгашкан аскер бөлүктөрүндө, шаарларда жана айылдарда берилип келүүдө.

Бул жылы да адаттагыдай эле согуш жылдарындагы ырларды жаш таланттардын аткаруусундагы концерти борборубуздун "Жеңиш" аянтында өткөрүлмөкчү.

Жаш аткаруучулар согуш жылдарындагы ырларды сахнада россиялык атактуу "Голубые береты" жана белгилүү ырчы Сергей Крылов менен бирге аткарып чыгышат. Россиялык артисттер Кыргызстанга "Евроазиялыктар – жаңы толкун" Фондунун чакыруусу менен бишкектиктердин алдында концерт беришет.

Иш чаранын өнөктөштөрү – "Альфа" антитеррордук бөлүгүнүн ардагерлеринин Эл аралык ассоциациясы, "Кара Балта тоо кен комбинаты" ААК жана Бишкек шаарынын мэриясы.

Майрамдык концерт "Жеңиш" аянтында болуп, эки бөлүмдөн турат: күндүзгү концерттик программа – "Өлбөс полк" жүрүшү аяктагандан кийин жана кечки программа саат 18.00. башталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД