Өлкөбүздө жыл сайын 25 миңге жакын жолбун иттер атылат

Өлкөбүздө жыл сайын 25 миңге жакын жолбун иттер атылат

Кыргызстанда жыл сайын 25 миңге жакын жолбун иттер атылып турат жана жакынкы убакта өлкөдө мындай практикадан баш тартуу каралбайт. Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин отурумунда Ветеринардык инспекция жана фитосанитария коопсуздугу боюнча Мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

-Ветеринардык кызматты жаныбарларды коргогондун ордуна, аларды жок кылууну колдойсуңар деп сынап келишет. Жыл сайын 25 миңге жакын жолбун иттер атылып турат, биз мындай сынды түшүнүү менен кабыл алабыз, бирок, бизде мындан башка жол жок, - деди Калысбек Жумаканов.

Кыргызстанда эхинококк жана альвеококк менен ооругандардын саны жогору. Бул оорулар адамдарга үй жаныбарлары аркылуу жугат.

-Бир убактарда дарыгерлер мындай коркунучту эскертип, мындай абалды көзөмөлгө алууну суранышкан. Ошондуктан Кыргызстан жолбун иттерди атып туруу практикасынана баш тарта албайт. Иттерди дарылап туруу үчүн акча каражаты жетишпейт, - деп кошумчалады Калысбек Жумаканов.

Ал Бишкекте жолбун иттерди дарылап туруучу эки жеке жай бар, ошондой эле "Манас" КТУ жана Агрардык университетинде операция жасалып тураары, ал эми мамлекет тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлбөй тургандыгын да айтып өттү.

Мындан тышкары ветеринардык инсппекция мекемеси эл аралык донорлорго бул маселени чечүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган, бирок, эч ким акча каражатын бөлүп берүүгө макулдугун бере элек.

Редакция белгилеп кеткендей, иттерди атуу эч кандай уруксат берилген документтери жок, белгисиз бирөөлөр тарабынан жүргүзүлөт. Адатта көчөлөрдө жолбун иттерди эртең мененки же күндүзгү убакытта кичинекей балдардын көзүнчө атышат, айрым учурларда үй канаттуларына да ок тийген учурлар кездешпей койбойт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД