Патрулдук милиция кызматы кайрадан түзүлөт

Бишкек шаарында Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган долбоордун стратегиясы менен кадамдык планы президенттин демилгеси менен жол коопсуздугун камсыздоочу ички иштер органдарынын түзүмүн реформалоо боюнча жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

Түзүмдү кайрадан түзүүнүн негизги максаты - жарандардын ишенимин арттырган, ишенимдүү коргоочу жана өнөктөш катары көрө турган милицияны түзүү. Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлеринин арасындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн санын азайтуу бирден бир маанилүү максаттардан болуп саналат.

Жаңы түзүлгөн милиция кызматынын кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу, аларды автоунаа, байланыш каражаттары, компьютердик каражаттар сыяктуу заманбап материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздоо, андан сырткары кызмат өтөөнүн жаңы стандартын окутуу каралууда. Ошондой эле коррупцияны алдын алуу ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берилет.

Долбоордун алкагында 2019-жылдын 6-майында Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгына талапкерлерди кабыл алуу үчүн сынак жарыяланды.

Документтерди кабыл алуу 2019-жылдын 6-июнуна чейин уланып, ага бардык каалоочулар катышса болот. Өзгөчө жарандык коомдун өкүлдөрүнө сынакка катышууда артыкчылык берилет. Сынак ИИМдин кызматкерлеринен жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн курамына кирген атайын түзүлгөн коммисиянын көзөмөлүндө ачык-айкын өтөт. Сынактык тандоодон өткөн талапкерлер ИИМдин Академиясынын базасында 3 айлык курстан окутуудан өтүшөт. Окуудан өтүшкөн соң Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгында кызмат өтөөнү башташат, - деп айтылат маалыматта.

Талапкерлерге карата талаптар жана сынактын шарттары жөнүндө маалыматтар менен ММКда, ЖКККББ (www.guobdd.kg) ошондой эле телефондор: +996 312 630 901, +966 312 630 253, тел/факс +996 312 631 275 менен таанышсаңар болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД