Бишкектин тургуну үйдүн 8-кабатынан боюн таштап каза болду

Бишкек шаарынын тургуну үйдүн 8-кабатынан боюн таштап каза болду. Бул жөнүндө ӨКМдин басма сөз кызматы VB.KG редакциясына билдирди.

5-майда саат 08:35 чамасында Бишкек шаарынын куткаруу кызматына Исанов көчөсүндөгү үйдүн 8-кабатынан би радам секиргени жаткандыгы жөнүндө кабарланган. Куткаруу кызматынын кызматкерлери аталган дарекке сатт 8.45те келишкенде, сегизинчи кабаттагы батирдин терезесинде эркек адам отурганын көрүшкөн.

Үйдүн чатырчасы аркылуу куткаруу иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес эле, анткени, ал жакка чыгуу жана ал аркылуу куткарууга аракет жасоого шарт жок болгон.

Милиция кызматкерлери жана куткаруучулар саат 9.25те батирдин эшигин тезинен ачуу боюнча чечим кабыл алышкан, бирок, ошол учурда тиги адам терезеден секирип кеткен.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы белгилегендей, ал адамды сактап калуу максатында АКП-50 шатысы бар машина чакырылган, бирок, аны орто жолдон кайра кайтарууга мажбур болушкан, анткени, ошол учурда тиги адам терезеден боюн таштаган.

Учурда каза болгон адамдын өздүгү милиция кызматкерлери тарабынан аныкталууда.

Куткаруучулар окуя жүрүп жаткан жерде 45 мүнөт убакыт болушкан.

Участкалык милиция кызматкеринин сөздөрүнө караганда, терезеде отурган адам, аны батирдеги бирөөлөр секирүүгө мажбурлап жаткандыгын айткан. Бирок, батирдин эшигин ачып кирген кезде ал жерде эч ким жок болуп чыккан. Алдын ала алынган маалымат боюнча, секирген адам мас абалында болгон.

-Бул түзүлгөн абал боюнча тынчсызданууну түшүнүү менен кабыл алып, каза болгон адамдын туугандарына көңүл айтмакчыбыз, - дешти орган кызматкерлери.

Окуя жүргөн жерде куткаруу кызматкерлеринин аракети боюнча текшерүү иштери жүргүзүлөөрү жөнүндө азырынча кабар жок. Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы бул жөнүндөгү маалымат кийинчерээк берилерин билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД